Бүгүн, 22-декабрда парламенттин транспорт, коммуникация, архитектура жана курулуш боюнча комитетинин жыйынында депутаттар «Коопсуз шаар» долбоору боюнча маалымат карады.
Буга байланыштуу Ички иштер министрлигинин өкүлдөрү долбоордун аркасында жол кырсыктары азайганын, алдын алуу иштери жүрүп жаткандыгын билдиришти.
Депутат Рыскелди Момбеков «Коопсуз шаар» долбооруна жооптуу адамдар туура эмес статистика жарыялаганын айтты.
Мисалы, баяндамачылар каза болгондордун саны азайгандыгын жарыялашты, бирок ошол эле мезгилде Ички иштер министрлигинин 9 ай ичиндеги маалыматында 2020-жылы 496 адам, ал эми өткөн мезгилде 420 адам көз жумганы көрсөтүлгөн.
«Силердин «Коопсуз шаарыңар» Токмокто иштебейт. Ушул күндөрдө бүтүндөй бир үй-бүлө каза болду. А силер болсо жол кырсыктарынын саны 18 пайызга азайганын айтып жатасыңар. Абийириңер барбы? Эмне үчүн калп айтып жатасыңар?» – деди Рыскелди Момбеков.
Ошондой эле, депутат бул долбоорду коррупциялашкан деп атады.
«Коопсуз шаар» – бул коррупциялык долбоор. Анын максаты бюджет эмес, аткаминерлердин чөнтөгү. Жол кырсыктарынын саны, ошондой эле жолдо каза болгондордун саны азайган жок. Долбоор иштеп жатат деп айтууга болбойт.
Эмне үчүн жабыркагандардын жана ооруканада каза болгондордун санын көрсөтпөйсүңөр? Бул жашыруун жай. Жол-транспорт кырсыктарынын статистикасы боюнча укук коргоо органдары текшерип, экспертиза жүргүзүшү керек», – деди Момбеков.
булак: NazarNews.kg