Бишкек шаардык милициясына татыктуу кадр дайындалды. Бул жигит МАИ тармагын жетектеп бир топ иштерди, реформаларды баштап койду эле. Ошону акырына чыгарса болмок. Бирок ага ишеним көрсөтүлүп Бишкек милициясына жетекчиликке дайындалды. Канат мырза чындыгында идеяга бай, иштин көзүн билген тажрыйбалуу кадр. Туура эле тандоо болду. Шаардыктар менен камыр-жумур болуп иштеп, бир топ ийгиликтерди жаратат деп ишенсек болот. Бирок мындай иш билги кадрдын жоопкерчиликтүү кызматка дайындалышы көптөргө жакпай ичтери өтүп жаткан чагы. Туш тараптан каралоо иштерин уюштуруп айлалары кетип баштады. Бирок алардын бул кылгандары суу кечпейт. Анткени Канат мырзанын Бишкек ИИБин татыктуу башкарганга эрки, билими, тажрыйбасы жетет. Көралбастар ар дайым мыктыларга бут тосуп келген. Андыктан «ит үрө берет, кербен жүрө берет» дегендей, ичи тарлардын ушактарына маани бериштин кажети жок.