Домой Саясат Марат КАЗАКПАЕВ, саясат таануучу: “Төңкөрүш аракети далилденсе Исаев менен Бабановду кошо жазалаш...

Марат КАЗАКПАЕВ, саясат таануучу: “Төңкөрүш аракети далилденсе Исаев менен Бабановду кошо жазалаш керек”

70

              4978 alli simpson wikipedia.

 УКМК Жогорку Кеңештеги «Кыргызстан» фракциясынан депутат Канат Исаев кармалганын кабарлады. Буга чейин Исаевге төңкөрүш аракети боюнча кылмыш иши козголгон. Мындай башаландыкты уюшкан кылмыштуу топтордун жардамы менен жасоого аракет кылгандарды кандай жазалаш керек?

          Мен укук коргоо органдарынын мындай аракетин баалаймын. Буга чейин президент да тиешелүү органдардын жетекчилерин кабыл алып, аларды таза шайлоону камсыз кылууга чакырган. Ошондой эле терс көрүнүштөргө ыкчам чара көрүүнө милдеттендирген. Эми Исаевдин бул аракети далилденип, ага тиешелүү чаралар көрүлүшү керек.

          Куралдуу төңкөрүш аракетине президенттикке талапкер Өмүрбек Бабановдун аралашканы да айтылууда. Эгер ал далилденип калса Бабановду кошо жазалаш керекпи?

          Негизи К.Исаев Бабановдун командасында иштеп жаткан. Бабанов болсо жер-жерлерде шайлоочулар менен жолугуп жатып административдик ресурс колдонулуп жатат деп бийликти айыптап келген. Ошол эле кезде элди массалык митингге үндөдөп жаткан. Бирок, ал добуштарды сатып алууда. Эми болсо Исаевдин бул аракети белгилүү болду. Укук коргоо органдары чечкиндүү болуп төңкөрүш аракети далилденсе Исаев менен Бабановду кошо жазалашы керек.