Интернетте мыйзамдагы ууру Камчы Көлбаевдин уюшкан кылмыштуу тобунун активдүү мүчөлөрү Чыңгыз Жумагулов (каймана аты Дөө) менен Улан Барчаеевдин (узун Улан) төңкөрүшкө даярданып жаткан аудиотасмасы жарыяланып кетти. Анда Ч.Жумагулов Канат Исаев менен Каныбек Иманалиев төңкөрүш үчүн акча сунуштап жатканын айтып, Сокулукта Рысбек Акматбаевдин адамы болуп жүргөн белгисиз айыл өкмөткө 4 млн. сом бергенин, Ош Жалал-Абадга 25 млн. сом берилгенин билдирген. Аудио сүйлөшүү тастыктагандай бул каражаттар шайлоого эмес, төңкөрүш үчүн чымыр денелүү “кара” балдарга бөлүнгөн.
“Дөө” айткан К.Исаевге кылмыш иши козголгон, коррупциялык аракети тастыкталып соттолгону турат. Ал эми Каныбек Иманалиев жакында эле парламенттин жыйынында төңкөрүш жолу менен гана бийликти алмаштыруудан башка жол калган жок дегендей билдирүү тараткан. Анын үстүнө Исаев шайлоодо жеңилерин сезип улут аралык маселени көтөргөн Бабанов менен жакында бирикти. Жогоруда айтылып жаткан каражатты Бабанов гана чечип бериши ыктымал. Демек, муну менен чет элдик олигархтардын колдоосунда төңкөрүш уюштурат деген Бабановду ишке киришиптир деп түшүнсөк болчудай. Бирок, мындай ыплас аракетине “караларды” тартып жатканы абдан кооптуу. Анткени, кандан кайра тарпаган кылмышкерлер оңой менен тынчыбайт.
Бул аудиотасма тез арада тиешелүү органдар тарабынан иликтөөгө алынып, К.Исаев менен К.Иманалиев сурак бериши керек. Эгер мындай аракеттер далилдене турган болсо токтоосуз камалсын. Бизге тынчтык керек.
achat cialis generique. Төмөндө Чыңгыз Жумагулов (каймана аты Дөө) менен Улан Барчаеевдин телефон сүйлөшүүсүнүн текстин сунуш кылабыз:
Ч.Жумагулов: «Кечээ күнү тиги Чүйдөн бир братишка бар да».
У.Барчакеев: «Ага».
Ч.Жумагулов: «Анан ошону жанагы Исаев бар го Исаев?!».
У.Барчакеев: «Ии».
Ч.Жумагулов: «Анан Каныбек Иманалиев беле? Каныбек Иманалиев бая «Карвенге». Келип жүрчү эле го, бир депутат?!
У.Барчакеев: «Ии».
Ч.Жумагулов: «Экөө тартып короче, акча предлагать этип, эме кылыптыр да. Короче отчаянный балдар керек, тигил бул деп. Анан баягы Рыспековский Дениз деген бар болчу, Сокулукта айыл өкмөт. Ошого 4 миллион бериптир. Дагы Мирлан деген физкультурник бала бар, ошого 4 миллион сом бериптир, короче бул выборго эмес, переворотко эме кылып жатыптыр да, үгүттөп».
У.Барчакеев: «Мм»
Ч.Жумагулов: «Ии, только бул, тигил айтыптыр, биз бирок бут Чүй-пүйдүн баарын колго алдык, биз уттурабыз бирок, переворот кылабыз деп жатыптыр».
«Анан эме мына бул Ош жакка 25 миллион бериптир ошол эмеге, 25 миллион Ош жакка кетиптир, ошо азыр балдардын баарын только ошого үгүттөп жатыптыр да. Только переворот дейт!».