«Эӊ жакшы коргонуу – бул чабуул» деген сѳздү Бабанов катуу пайдаланууда. Ал жер-жерлердеги эл менен болгон жолугушууларында «Бийлик административдик ресурсту пайдаланып атат, андан коркпогула» деп эле кыйкырып атканын угуп атабыз. Бирок, кайсыл жерде, ким аркылуу, кимдин пайдасына административдик ресурс колдонулуп атканын так айта албайт. Андыктан, анын бул кыйкырыгын жѳн гана эски «пластинка» катары кабылдай берсек болот.
Экинчиден, бүгүнкү күндѳ президенттикке ат салышып аткан талапкерлердин ичинен жалгыз гана Ѳмүрбек Бабанов менен Бакыт Тѳрѳбаевде административдик ресурс бар. Ал шыбагысы келип аткан башкы атаандашы учурда эч кандай мамлекеттик кызматта иштеп аткан жок. Демек, анда кайдагы административдик ресурс?
Үчүнчүдѳн, Бабанов учурда президенттикке талапкер болуу менен бирге парламенттеги бакыйган фракциянын лидери, Жогорку Кеӊештин депутаты болуп отурат. Парламенттин трибунасы да бул ѳзүнчѳ күчтүү ресурс экенин танууга болбойт. Эгерде ал чындап эле таза шайлоону кааласа, башка талапкерлер менен бирдей укукта шайлоого катышууга духу жетсе, анда депутаттык мандатын ѳткѳрүп бербейт беле? Антүүгѳ анын кудурети жеткен жок.
Андыктан биз карапайым адамдар Бабановдун административдик ресурсту колдонуп жатканына нааразы болуп аткандарын байкоодобуз. Ошол эле убакта добуштарды акчага сатып алуу аракетин да дал ушул талапкердин штабы жасап атат. Ошондо анын колунда административдик ресурс дагы, добуштарды сатып алуу «тажрыйбасы» дагы бар. Бизге ошондой жол менен жеӊишке жеткиси келген талапкер керекпи? Албетте, кереги жок. Алдамчылыкка жана алданууга эми жол бербешибиз керек!