Домой Аналитика Лейлек менен Сүлүктүнү байланыштырган Кольцо айылына тажик тарап көзөмөл орнотууга аракет кылууда

Лейлек менен Сүлүктүнү байланыштырган Кольцо айылына тажик тарап көзөмөл орнотууга аракет кылууда

150

Лейлек району менен Сүлүктү шаарын байланыштырган Кольцо айылындагы стратегиялык Бишкек-Ош жолуна тажик тарап көзөмөл орнотууга аракет кылууда. Бул тууралуу жергиликтүү тургундар кабарлады.

Аталган жол Тажикстандын Коргончо айылына жакын жайгашкан. Күбөлөрдүн айтымында ал жерге куралданган эки тажик аскери чыгып чуңкурларды каза баштаган.

Эгер жогоруда аталган жолду Тажикстан көзөмөлгө ала турган болсо Лейлек районунун 20га чукул айылы менен райондун борборуна болгон байланыш үзүлөт.

maralfm.kg