Домой Аналитика Чек ара кызматы: Кыргыз-тажик чек арасында абал туруктуу

Чек ара кызматы: Кыргыз-тажик чек арасында абал туруктуу

11

1-майда саат 09:00гө карата мамлекеттик чек аранын кыргыз-тажик тилкесинде абал туруктуу. Бул тууралуу УКМКнын Чек ара кызматы билдирди.

Өткөн түнү эч кандай ок атышуу катталган жок.

“Көк-Таш, Самаркандек, Арка-1, Арка-2 жана Борбордук айылдарында абал турукташты.Ош — Исфана жолунун Жака-Өрүк тилкесиндеги жана Төрт-Көчө аймагындагы жол тазаланып, ачылды”,-деп айтылат маалыматта.

Чек арачылар мамлекеттик чек ара тилкесин кайтарууда.