Домой Коом «Маркумдун денесин жолго таштап, унаасын айдап кеткен». Орусиянын жараны 11 жылга эркинен...

«Маркумдун денесин жолго таштап, унаасын айдап кеткен». Орусиянын жараны 11 жылга эркинен ажыратылды

113

Москва шаарынын 55 жаштагы тургуну Кыргыз жаранынын өлүмүнө күнөөлүү деп табылып 11 жылга эркинен ажыратылды. Бул тууралуу орус басылмалары жазып чыгышты.

Маалыматта адам өлтүрүү фактысы 2019-жылдын февраль айында катталганы айтылат.

«Такси кызматынын айдоочусу болуп иштеген Кыргыз жараны менен 50 жаштагы Игорь Волков кезектеги чакыруулардын биринде таанышып калышат. Анда Кыргыз жараны жашоосу кыйын экенин айтып, акчанын жетишсиз болуп жатканына нааразы болот. Соттолуучунун айтымында, окуянын өнүгүшү төмөндөгүдөй болгон.

Кардар айдоочуга анын унаасын 200 миң рублга сатып алууну сунуштайт. Ал эми таксист унаасын уурдап кетишкендиги тууралуу арыз жазып коймок. Экөө келишип, Волковдун унааларды бөлүктөргө ажыраткан гаражына бармак болот. Бирок жолдон таксист менен кардар акчанын айынан урушуп кетишет. Ортодо чоң жаңжал чыгып, Волков тапанчасын алып чыгып таксистти карай ок аткан. Анын кесепетинен Кыргыз жараны алган жаратынан улам ошол жерде жан берген. Игорь Волков маркумдун денесин жолго таштап, унаасын айдап кеткен.

Игорь Волков кармалгандан кийин тергөөдө күнөөсүн моюнга алган эмес. Ал таксистти өзүн коргоп жатып өлтүрүп алганын айткан. Анын көрсөтмөсүндө Кыргыз жараны Волковдун акчасын күч менен тартып алууга аракет кылганы жана мындан улам автоматтык түрдө тапанчаны алып чыгып ок чыгарганы жазылган.

Ал эми сот процесси убагында соттолуучу Игорь Волков күнөөсүн жарым-жартылай моюнга алган. Сот айыпталып жаткан адамдын өнөкөт жүрөк оорусу бар экенин эске алуу менен аны 11 жылга эркинен ажыратуу боюнча өкүмүн чыгарган. Игорь Волков күчөтүлгөн режимдеги түзөтүү абагында мөөнөтүн өтөйт» , — деп жазылат маалыматта.