Кара-Буура районунун Чолпонбай айылынын 29 жаштагы тургуну Саадамбек Стайбеков криминалдык милиция кызматкери болуп иштеп келе жатат. Аймактык кабарчы тартип сакчысы менен таанышты.Өзүнүн айтымында, ИИМдин академиясын 2015-жылы аяктаган. Учурда Кара-Буура РИИБде ага лейтенант.«Окуп жүргөндө тергөө кызматында практикада болдум. Ошол кезде эле негедир мага криминалдык милиция кызматы жагып, кылмыш ачуунун сырларын жакындан үйрөнгүм келчү. Эми минтип максатым орундалып, өзүм тандаган кызматта иштеп жүрөм.
Алгач 2015-жылы Аманбаев айылдык милиция бөлүмүндө ыкчам кызматкер болуп эмгек жолумду баштагам. Жумушумдун биринчи күнү эле өзгөчө кызыгуу менен иштеп, аракет кылдым. Мен иштеп баштаган мезгилде Кара-Буура районунда мал уурулук өзгөчө көйгөй жаратып, желип-жорткон шылуундар көбөйүп кеткен. Ошол учурда 20 күндүн ичинде кесиптеш агаларым менен мал уурулук боюнча 10 фактынын бетин ачууга жетишкенбиз. Кылмыштын бетин ачты деп айтканга оңой болгону менен далил буюм табуу кыйынга турган мал уурулуктун ар бир фактысын иликтеп, талдап отуруу, шектүүлөрдү аныктоо, алардын изине түшүү, анан аларды кармоо эмне гана деген түйшүк экенин из кубарлар жакшы билишет.
Андан кийин Кара-Буура РИИБдин криминалдык милиция кызматына улук ыкчам кызматкери болдум. Айрым учурда 2-3 күн үй бетин көрбөй, кийимдерибизди которо албай калган учурлар болот. Бардык жетишкендиктерде, кылмыш ачууда жалпы жааматыдын да салымы чоң болот.
2019-жылдын август айында бир адамдын кызы үйүнөн чыгып кетип дайынсыз жоголгону тууралуу арыз түштү. Иликтөө иштери жүрүп, анын натыйжасында Ж. аттуу жаран менен тоого мал багууга кеткени кабар алдык. Бирок Ж. акыркы убакта баңгизатка берилип кеткени белгилүү болду. Ошондо аны табуу тапшырмасы коюлуп, акыры аны 2 кг баңгизат алып келе жаткан жеринен колго түшүрдүк. Ал сурак учурунда чыр-чатактан улам өзү менен жашап жаткан кызды өлтүрүп салып, тоо жактагы таштын түбүнө көмүп салганын айтты. Ошол замат 160 чакырым алыстыктагы окуя болгон жерге Кара-Буура РИИБдин ыкчам тергөө тобу барып, көмүлгөн жансыз денени таптык. Эгерде ал жерде, иликтөөнү туура эмес багыттан баштаганыбызда иш ачылбай калмак», – деди ал.
Милиционер мырза жубайы экөө 1 уулдун ата-энеси.
Тактама:
2019-жылы 26-августта Талас ОИИБдин басма сөз кызматы Талас облусунда адам өлтүрүп, баңгизат топтоп жүргөн чет өлкөлүк адам кармалганын кабарлаган.
Маалыматка караганда, 12-августта Манас районунун Кызыл-Жылдыз айылынын 1993-жылы туулган тургуну Б.Е. аттуу айымдын дайынсыз жоголушу боюнча иликтөө иштери башталган. Анын алкагында Б.Е.нин жарандык никеде жашап жүргөн жолдошу, Беларусь Республикасынын 30 жаштагы жараны Е.Е. кылмышка шектүү катары аныкталган. Алынган ыкчам маалыматтардын негизинде Е.Е. Кара-Буура районунун Бакайыр айылында кара куурай чегип жүргөнү такталган. Ал 12-августта түнкү саат 01:00 чамасында талаада капка баңгизат чогултуп кетип бара жаткан жеринен кармалган.
Шектүү андан аркы сурактын жүрүшүндө жарандык никедеги жубайы Б.Е. менен 5-августтан 6-августка караган түнү Жалал-Абад облусунун Чаткал районуна караштуу жайлоодо (Айтбай өлдү жайлоосу) уруша кетип, сабап өлтүрүп койгонун айткан. Андан кийин жасаган кылмышын жашыруу максатында анын денесин жайлоодогу чатырдан 100 метрдей алыс жакка алып барып көмүп койгон.
Аталган иш боюнча КРнын Жазык кодексинин 130-беренеси (киши өлтүрүү) жана 268-беренеси (баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун сатып өткөрүү максатысыз мыйзамсыз даярдоо) менен иш козголгон болчу.
Булак: sonkukabarlar.kg