Домой Коом “КЫРГЫЗСТАН” ПАРТИЯСЫНЫН ДАТТАНУУСУНА СОТ КАНЧА КҮНДӨ ЧЕЧИМ ЧЫГАРАТ?

“КЫРГЫЗСТАН” ПАРТИЯСЫНЫН ДАТТАНУУСУНА СОТ КАНЧА КҮНДӨ ЧЕЧИМ ЧЫГАРАТ?

56

«Кыргызстан» саясий партиясы Борбордук шайлоо комиссиясынын жумушчу тобунун чечиминин үстүнөн сотко кайрылат. Канатбек Исаев аларга карата чыккан чечимди техникалык ката катары эсептеди.

БШКнын мүчөсү Атыр Абдрахматова “Элдик медиага” билдиргендей, Канат Исаев чечимге каршы сотко кайрылууга укугу бар.

“Партиянын даттануусу сотто үч күн аралыгында каралат, мында экинчи инстанция деген жок. Райондук соттон кийин, 5 күн ичинде чечим чыга турган кассациялык ишке өтөт. Бирок, ошентсе да, сот партияны шайлоого кабыл алуу жөнүндө буйрук чыгарууга укугу жок, бардыгы кайра эле БШКнын колунда”, – деп түшүндүрдү Атыр Болотбековна.

25-августта БШКнын жумушчу тобу «Кыргызстан» партиясынын парламенттик шайлоого катышуу үчүн тапшырган документтерин артка кайтарууну чечкен. Жумушчу топ партия документ тапшыруу жараянында эреже бузган деп тапты.

Булак: eldik.media