Домой Коом УКМК: Мектеп окуучулары 11,8 млн сомдук баңгизат менен кармалды

УКМК: Мектеп окуучулары 11,8 млн сомдук баңгизат менен кармалды

130

Баңгизат таратууга шектелип Бишкектин мектеп окуучулары крамалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти.

Маалым болгондой, 27-мартта Ахунбаев жана 7-апрель көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашкан ботаникалык бакчага баңгизаттарын «жашырууга» аракет кылып жаткан жеринен Бишкек шаарынын алдыңкы мектептеринин биринин 11-9-классынын 2005-жылы туулган А.А.Б. жана 2007-жылы туулган А.Б.Т. аттуу окуучулары кармалган.

«Кармалгандардын баштыктарын тинтүү учурунда жалпы салмагы 921 граммды түзгөн синтетикалык «Альфа PVP» баңгизаты жана 0,4 граммдан болгон 69 таңгак (жалпы салмагы 27,6 грамм) табылып алынган. Бул 1 грамм заттын базар баасы 10 миң сомду түзөт, бир таңгагы интернет мессенджерлер аркылуу 5 миң сомдон сатылууда. Белгилей кетсек, бул табылып алынган 921 грамм баңгизаттан 2302ге жакын доза чыгат, башкача айтканда, бул баңгизаттын «дозалап» сатылган баасы 11 мдлн 857,5 миң сомго жетет», — деп билдирет атайын кызмат.