Олимпиада лицензиясы үчүн бокс боюнча өткрүлүп жаткан мелдеште Кыргызстандын алты боксёру чейрек финалга чыкканын команданын башкы тренери Адылкан Бекболотов билдирди. 28-мартта биздин беш боксёр рингге чыкты. Азат Үсөналиев, Эрмек Сакенов, Эркин Адылбек уулу, Өмүрбек Малабековдор утуп, Турат Осмонов өзбектин күчтүү боксчусуна туш келип утулуп калган.