Дүйнөнүн чемпиону болуп, бокс тарыхында легендага айланган атактуу Рой Жонс карыганын билбей, так айтканда 47 жашка чыкса (жалпысынан чоң бокста 71 жолу беттешип, 45 жолу нокаутка кетирип, 62 жетишке жетишкен. 9 ирет жеңилген) да, чоң бокстан өз сыйы, өз даңкы менен кете албай, дале болсо акча азгырыгынан чыга албай, көпчүлүккө жек көрүнүп да калды. Чынында ал акыркы он жылдан бери акча үчүн дүйнөлүк бокста анчалык белгисиз жаш балдар менен таймашып, жакшы эле сабоо жеп шылдың болуп келет. Эске сала кетсек, былтыр 13-декабрда Москвада Орусиянын жарандыгын алгандан кийин мушкер катары, Энцо Маккаринелли аттуу боксёрдон токмок жеп, 4-раундда нокаутка кеткен болчу. Өткөн жылы Россиянын жарандыгына өткөн Рой мырза, 20-мартта аты-жыты белгисиз бир күйөрманы менен беттешкени турат. Эгер ал бактылуу күйөрман, атактуу мушкерди жеңип алса, 100 миң доллар алат. Белгисиз, бирок ошол таймашта дүйнөгө аты угула турган күйөрманды интернет колдонуучулар тандайт. Талапкерлер интернетке таймашуу боюнча талантын көрсөткөн 90 секунддук тасмасын жайгаштырышы керек.