Кыргыз эл артисти Калыйбек Тагаев 80 жаш курагында көз жумду. Тагаев көптөн бери ооруп жүргөн. Жакында эле ооруканадан чыгарылып, үйүндө төшөктө жаткан. Калыйбек Тагаев 1940-жылы 14-апрелде Ат-Башы районунун Бирлик айылында жарык дүйнөгө келген. 1961-жылы Каракол педагогикалык институтунун музыка бөлүмүн аяктагандан кийин Ат-Башыдагы Ленин атындагы №1-мектепте мугалим, Нарын музыкалык драма театрында артист, бөлүм башчы болуп иштеп, 1970–1974-жылдары Бүбүсара Бейшеналиева атындагы Кыргыз мамлекеттик искусство институтунун теория жана композиция бөлүмүндө окуган. 1974-жылдан Республикалык эл чыгармачылык борборунда жетектөөчү адис болуп иштеген. Ал классикага айланган 120дан ашык обондордун автору. Анын 60ка жакын обону «Кыргыз радиосунун» Алтын казынасына жазылып алынган. 1992-жылы Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти, 1997-жылы Кыргыз Республикасынын эл артисти наамдары берилген.
Булак: Багыт гезити