Домой Саясат Космосбектин колуна кишен салынды. Дагы кимдер камалат?

Космосбектин колуна кишен салынды. Дагы кимдер камалат?

104

Мурдагы саламаттыкты сактоо министри 15-сентябрда Космосбек Чолпонбаев кармалды. Экс – министрди Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү мамлекеттик кызматы кылтакка илген. Ал шалаакылык жана кызматынан кыянаттык менен пайдалануу фактылары боюнча шектелүүдө.
Буга чейин Каржы полициясы аталган фактылар боюнча Саламаттыкты сактоо министрлигинин жооптуу кызматкерлеринин үстүнөн кылмыш ишин козгогон.
Маалыматта: «Министрликтин жетекчилери кызматтык абалынан пайдаланышып, элдин жана мамлекеттин кызыкчылыгына каршы келген келишимдерди түзүп, анын кесепетинен мамлекетке 9 млн. сомго жакын зыян келген. 15-сентябрда Жазык кодексинин 320-беренесине шектелип мурдагы саламаттыкты сактоо министри кармалды», — деп айтылат.

 

Булак: Багыт гезити