Депутаттын уулу 500 миң доллар кылмыш ишинин негизги фигуранты
ИИМ алдамчылык үчүн шектүү катары издөөгө алынган кыргызстандык жаран Данияр Ибраевди алып келүүгө даярданууда. Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын маалыматы боюнча, ЖК депутаты Самат Ибраевдин уулунун үстүнөн арыз менен бир нече курулуш компаниясынын өкүлдөрү кайрылган. Жалпысынан ал жети курулуш компаниясын 507,3 млндон ашуун сомго алдап кеткен деп шек саналууда. Былтыр 24-декабрда Ибраевге иш тууралуу сырттан маалымат берилген, ошол эле күнү Свердлов райондук соту Данияр Ибраевди камакка алууну чечкен. 26-декабрда Ибраевге эл аралык издөө жарыяланган. Интерполдун көмөгү менен жүргүзүлгөн издөөнүн натыйжасында 28-февралда шектүү Болгариянын баш калаасы Софияда кармалган. Болгариянын маалымат каражаттары ал кармалгандан кийин үй камагына чыгарылганын, Болгарияда туруктуу жашай турган жери бар экендиги тууралуу маалыматты сотко көрсөткөнүн жазышкан. Ошондой эле жергиликтүү ЖМКлар жазгандай ал болгар бийлигинен качкын макамын сурап кайрылган. Ибраев Самат учурда шайлоого Адахан Мадумаровдун партиясы менен ат салышып жатат.
Атка минер Сабировдун уулу камалды
Монополияны жөнгө салуу боюнча мамлекеттик агенттиктин жетекчиси Шухрат Сабировдун уулу Аброр Сабиров эки айга камалды. 11-сентябрда Чүй облустук соту ушундай чечим чыгарганын мекеменин басма сөз кызматы билдирди. Каракчылыкка шек саналган 24 жаштагы Аброр Сабиров эки айлык камакты Бишкектеги №1-тергөө абагында өткөрөт.
Ал Бишкектин четинде жайгашкан токтотмодогу каракчылыкка тиешеси бар экени айтылууда. Милиция 7-сентябрда токтотмонун 74 жаштагы кароолчусун байлап, эки машинаны айдап качкан адам кармалганын билдирген. Расмий маалыматка ылайык, «Toyota» жана «Honda» үлгүсүндөгү автоунаалар аткезчилик жол менен алынып келгендиктен айып токтотмосуна коюлган болчу. Шектүү кармалган соң машиналар кайра ордуна жеткирилген.
Баткендин губернаторунун баласы да кармалды
ИИМдин Жазык кодексинин «Ири өлчөмдөгү алдамчылык» беренеси менен шек саналып издөөдө жүргөн Азиз Орозбаев 4-сентябрда Орусиянын Москва шаарында кармалды. Маалыматта: 2019-жылдын апрель айында Бишкекте үч киши жеке ишкердин чет өлкөдөн ташып келген эки автоунаасын сатып алууга убада берип, алдап кетишкендиги айтылат. Натыйжада ишкер 2 млн. 165 миң сом зыян тарткан. Эки автоунаанын «Toyota Avalon» маркасындагысынын наркы 1 млн. 397 миң сом, «Hyundai Elantra» маркасындагы экинчисиники 768 миң сом турган. Көп өтпөй ектүүлөрдүн бири кармалып, иши «Ири өлчөмдөгү алдамчылык» беренеси менен тергелип бүтүп сотко өткөрүлгөн. Калган эки шектүү качып кеткен. Алардын кайда экени белгисиз болгондуктан, тергөөгө алып келүү аракетинен майнап чыккан эмес. Ушул жылдын январь айында Азиз Орозбаевге жана издөөдө жүргөн дагы бир шектүүгө «Ири өлчөмдөгү алдамчылык» беренеси менен сыртынан айып коюлуп, Бишкектин Биринчи Май райондук соту аны камакка алуу жөнүндө чечим чыгарган. Анын негизинде март айында издөө жарыяланган.
ИИМдин маалыматына караганда, Москва шаарынын Красносельский районунан аймактык күч органдары Орозбаевди 4-сентябрда кармаган. Бишкектин Ленин райондук ички иштер башкармалыгы кармалган шектүү боюнча документтерди Москванын күч органдарына жөнөттү. Кылмышка шектүүнү экстрадициялоо иши менен Башкы прокуратура алектенип жатат. Азиз Орозбаев — өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Алишер Абдрахмановдун уулу.
Булак: Багыт гезити