Домой Коом «Нарын» бажысынын кызматкерлери бажы мыйзамдарын бузуу фактысыy аныкташты

«Нарын» бажысынын кызматкерлери бажы мыйзамдарын бузуу фактысыy аныкташты

171

«Нарын» бажысынын кызматкерлери бажы мыйзамдарын бузуу фактысыy аныкташты

«Нарын» бажысынын КжБЭБКБнын кызматкерлери «Торугарт» алдын ала бажы жол-жоболоштуруу жайында бажы мыйзамдарын бузуу жана контрабанданы табуу жана бөгөт коюу боюнча иш-чараларды жүргүзүүдө, Грузия Республикасынын мамлекеттик номурлары бар чиркегичи менен «Volvo» маркасындагы эл аралык жүк ташуучу транспорт каражатына карата бажы мыйзамдарын бузуу фактысын аныкташты.

Текшерүү иш-чараларынын жүрүшүндө аталган унаа ЕАЭБдин бажы аймагына 2022-жылдын ноябрь айында «М.М.» жараны Грузиядан 14.02.2023-ж. чейин Казакстан Республикасында бажы декларациясын берүү менен киргизген.

Ошол эле учурда, Россия Федерациясында да бул унаага бажы декларациясы 03.02.2023-жылга чейинки мөөнөткө берилет.

Ошентип, «Т.Э.» КР жаранынан автотранспортун сатып алган КР жараны «А.у.К.» башкаруусундагы автотранспорттук каражат убактылуу алып кирүү мөөнөтүн бузуу менен «Торугарт» алдын ала бажы жол-жоболоштуруу жайына 2023-жылдын 24-февралында кирген.

ЕАЭБ мыйзамдарына ылайык, убактылуу ташылып келинген эл аралык ташуулардын транспорттук каражаттары аларды Биримдиктин бажы аймагына ташып келүүчү жактардын иш жүзүндө ээлигинде жана пайдалануусунда болууга тийиш.

Бажы төлөмдөрүнүн төлөнө турган алдын ала суммасы 1,9 млн сомду түздү.

Аталган факт КБР АДС МКЖга катталып, материалдар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте кароо жана чечим кабыл алуу үчүн Нарын облусунун прокуратурасына өткөрүлүп берилди.