Домой Коом “Ассанабил” ККФ дагы бир социалдык – маданий комплекс курууну баштады.

“Ассанабил” ККФ дагы бир социалдык – маданий комплекс курууну баштады.

196

26171452_1565737343508165_7023633345857889897_o943A2432

 

Ноокат шаарына чоң социалдык маданий комплекстин курулушуна алгачкы капсула койуу аземи болуп өттү. Ага КР ЖКнин депутаты Т. Зулпукаров жана фондтун жетекчиси Саид Баюми менен райондун акими Маматалиев Давранбек жана жергиликтүү тургундар катышышты.

Бул комплекстин курамында 500 орундуу эки кабаттуу 1080 м² аянтына орто мектеп,  160м² жерге поликлиника жана 360 м² аянттуу  бала-бакча, футбол аянтчасы, балдар ойноочу жер жана мечит  дааратканалары менен курулат.  Аталган имараттар баардык архитектуралык,  мамлекеттик стандартка ылайык, заманбап шартта курулулат.

Курулуш бүткөндөн кийин керектелүүчү баардык эмеректери, класстык жасалгалары, лабораториялык техникалары, санузелдери, жылытуу системасы  менен толук  камсыздалат.943A2439

“Ассанабил” коомдук фонду мындан сырткары республиканын ар кайсы аймактарына буга чейин 35 орто мектеп, 16 медпункт, ФАП куруп мамлекетке өткөрүп берди. Жогоруда айтылган социалдык – маданий комплекстен Бишкек жана Кызыл-Кыя шаарларына да курулуп жатат.

buy alli orlistat online us pharmacy.