Базарбайдын мышыгы
Базарбай мышыгын сууга жууп жатса Дүйшөн көрүп: Ай Баке, өлүп калат сууга жуусаң, десе Базарбай: Башымды оорутпай жөнө, өзүм билем -деп жооп берет.
Кайра Дүйшөн өтүп баратып Базарбайдын ыйлап атканын көрөт.
— Баке эмне болду? — десе,
— Мышыгым өлүп калды — дейт Базарбай.
— Айтпадым беле сууга жууба деп.
— Жууганга эмес, сыгып койсом өлүп калды…
Хакер
— Банкоматты бузуп акча алуу үчүн хакер кайсы иштерди аткарат?
— Колуна балта менен ноутбукту алып банкоматка келет, банкоматты балта менен бузуп акчаларды алат…
— Балта менен урса… Ноутбуктун эмне кереги бар?
— Ноутбогу жок хакер, хакер болмок беле?
Туулган күн
Мугалим окуучусунан сурап жатат:
— Сенин туулган күнүң качан?
— Отуз биринчи август.
— Кайсыл жылы?
— Ар жылы.
Сынак учурунда.
Мугалим: Фамилияңыз?
Студент (күлүп): Арстанбек уулу.
Мугалим: Эмнеге күлүп жатасыз?
Студент: Биринчи суроого туура жооп бердим да…
Миллиардердин досу
— Ким экениңди айтсаң, мен сага досуң ким экенин айтам.
— Мен миллиардермин.
— Сенин досуң — менмин..
Кулактандыруу
Урматтуу студенттер!
Силерден сураныч, университетке айдап келген машинеңерди бир аз бири-бирине жакын койгула, мугалимдердин велосипеддери батпай жатат экен…
Деканат