Домой Пайдалуу кеңеш Касторка майынын керемети

Касторка майынын керемети

577

Дарыканаларда сатылуучу эң арзан жана эң жөнөкөй касторка майынын ушунча пайдалуу жактары бар деп ким ойлоптур.

касторка майы

Бул кеңештер сиз үчүн пайдалуу болорунан шегибиз жок. Ошентип, алаканыңызга бир аз касторка майынан куюп, сүргүлөп, чачтарыңызга сүртүңүз. Жумасына бир жолу ушундай кылуу менен бир айдан кийин чачтарыңыздын кулпуруп, өңүнө келип жалтылдап чыгаарына кепилдик беребиз. Айран куюлган идишти кайнак суусу бар тарелканын үстүнө коюңуз, качан ал жылыганда идишке касторка майынан 5 тамчы тамчылатыңыз. Муну чачыңыз менен баштын терисине сүртүңүз. Башыңызды желим баштык менен ороп, үстүнөн сүлгү менен ороп коюңуз. Жарым сааттан кийин чачты жууп салыш керек. Бул да чачтын бекемделишине жардам берет. Чач кургак тартып түшө баштаганда да касторка майы жардамга келет. Эки аш кашык аракка бир аш кашык касторка майынан кошуп, аралаштырган соң чачтын тамырына сүртүңүз. Касторка майы какач менен да натыйжалуу күрөшөт. Бир стакан коюу демделген ысык чайга бир чай кашык касторка майынан жана 20 гр. арак кошуңуз, бул аралашма менен башты жуурдун алдында чачка сүртөсүз. Кирпиктериңиз табигатынан суюк болуп сизди кыжаалат кылса мында да касторка майы жардамга келет. Бул үчүн жумасына бир нече жолу түнү жатаардын алдында кирпиктерге жана көз кабыгынын ылдыйкы жагына касторка майынан сүртүңүз. Бир айга жетпей кирпиктердин кулпуруп өсүп калганын байкайсыз. Эгерде чач менен каш-кирпигиңиздин мындан да сулуу болушун кааласаңыз, касторка майын балык майы менен аралаштырып колдонуңуз. 30 жаштан ашкан айымдар үчүн беттин бырышын кетирүү үчүн касторка майы табылгыс дары. Ал үчүн аш кашыгын алып аны жылытуу үчүн отко карма­ңыз. Жылып калган кашыкка касторка майы­нан куюңуз. Май тез ысып чыгат. Муну түнкүсүн бет­ке сыйпап жатса, бырыштарды жок кылат. Касторка майы айрыкча тери кургак болуп, сыйрылып түшкөн кыш айларында тери үчүн эң сонун маска. Беттин териси үчүн чыгарылган маскага он тамчы касторка майынан кошуп, бул аралашманы бетке жука катмар кылып сүйкөңүз. 25 мүнөттөн кийин ромашка гүлүнүн тундурмасы же муздатылган көк чай менен бетти жууп салуу керек.

Аида Мусаева