Кыргызстандын курама футбол командасы былтыр өз талаасында Азиянын чемпиону, дүйнөнүн күчтүү командаларынын катарындагы Австралия менен татыктуу беттешип, утулуп калса дагы Эл аралык футбол федерациясынын рейтингинде уламдан-улам рейтинги жогорулап келет.
Жогоруда аталган мамлекеттин курама командасы менен беттешкенче биздин өлкө ФИФАнын рейтингинде 120нын тегерегинде болсо, андан бери рейтингде улам жогорулап олтуруп учурда, тактап айтканда жакында эле105-орунга жайгашты. ФИФАнын расмий сайтында жарыяланган маалымат боюнча Кыргызстандын футбол боюнча улуттук курамасы рейтингде үчүнчү жолу катары менен рекорд жасап койду. Борбор Азия өлкөлөрүнүн ФИФАдагы рейтингдери төмөндөгүдөй: Өзбекстан 71, Түркмөнстан 114, Казакстан 131, Тажикстан 148-орунда. Ал эми Дүйнө чемпиондугуна тандоо мелдештери боюнча Кыргызстандын негизги атаандаштары Австралия 68 (9), Тажикстан 148 жана Бангладеш эки тепкичке жогорулап, 177-катардан орун алды. Белгилүү болгондой, ФИФАда дүйнө лидерлеринин көч башында: Аргентина, Бельгия, Испания, Германия, Чили мамлекеттеринин курамалары турат.
Эми төмөндө кыргыз футболун дүйнөлүк деңгээлге көтөрүүгө аз эмес салым кошуп жатышкан Кыргызстандын курама командасындагы 11 футболчунун баасы менен тааныштырабыз. Баса белгилеп койчу нерсе, биздин футболчуларыбыздын баасы жыл өткөн сайын “доллар менен евронун” курсу өсүп жаткандай эле өсүп жатат. Албетте, бул жакшы көрүнүш. Себеби, биздин футболчулардын баасы өссө, кыргыз футболунун да аброю көтөрүлө бермекчи. 11 футболчунун жалпы баасы 1, 525 000 еврого чукулдап барат. Эскерте кетчү жагдай, футболчуларыбыздын ушу тапта бул жерде көрсөтүлгөн футболдук клубдары жана өлкөлөрү башка болушу мүмкүн. Анткени, дүйнө жүзүндө мыкты футболчулардын баары эле жакшы сунуш, жакшы келишимдер менен тез-тез эле ФКларды алмаштырып турары белгилүү.
- Антон Землянухин – 350 000 евро. ФК. “Сисакет” Таиланд. 27 жашта.
- Валерий Кичин – 300 000 евро. ФК. “Тюмень” Россия. 23 жашта.
- Ахлидин Исраилов – 200 000 евро. ФК. “Динамо -2”. Украина. 21 жашта.
- Владимир Харченко – 150 000 евро. ФК “Дордой”. Кыргызстан. 31 жашта.
- Сергей Евлюшкин – 150 000 евро. ФК. “Гессен-Кассель”. Германия. 28 жашта.
- Виталий Люкс – 150 000 евро. ФК. “Нюрнберг-2” Германия. 28 жашта.
- Эдгар Бернхард -150 000 евро. ФК. “Аль-Орба”. Оман. 29 жашта.
- Виктор Майер – 125 000 евро. ФК. “Меппен”. Германия 25 жашта.
- Мирлан Мурзаев – 100 000 евро. ФК. “Аль-Ахли” Бахрейн. 25 жашта.
- Темирлан Козубаев – 75 000 евро. ФК. “Нови-Пазар” Сербия. 22 жашта.
- Азамат Байматов — 50 000 евро. ФК. “Ситра” Бахрейн. 28 жашта.
Ал эми биздин кошуна мамлекеттердин футболчуларынын баасы биздин футболчулардан бир топ кымбат. Салыштыруу иретинде алардын “курсуна” көз чаптырып көрөлү:
Казакстандын эң кымбат делген 10 футболчусунун жалпы баасы 11,15 млн. евро. Казак футболчуларынын баасы 500 000 евродон башталып, 1 миллионго жетет.
Миллионго баалангандар: “Ак-Төбө” ФКсында дарбазачы Стас Покатилов, “Астананын” жарым коргоочусу, оюнчу Дмитрий Шомко жана «Кайрат» ФКсынан Бауыржан Исламхан.
Өзбекстандын кымбат 10 футболчусунун жалпы баасы 23, 9 млн. евро.
Тажикстандык 10 футболчунун жалпы баасы биздикинен бир аз көбүрөөк, так айтканда 1 млн. 13 миң евро.
Түркмөнстандыкы – 10 мыкты футболчунун жалпы баасы 900 000 евро.
Айбек Шамшыкеев