Ирандык Бабак Занжани “жер жүзүнө коррупцияны жайылтып жатат” деген айып менен өлүм жазасына кесилди. Занжани өзүнө тиешелүү мунайзат компаниясы тапкан кирешеден 1,9 миллиард долларды жашырып койгон. Бул миллиардер мурун АКШ жана Евробиримдик тарабынан “кара тизмеге” киргизилген экен. Анткени, эл аралык коомчулук Иранга мунайзат боюнча эмбарго жарыялаганда Занжани бийликтин тапшырмасы менен мунайзатты Бириккен Араб Эмираттары, Түркия жана Малайзия аркылуу сатып турган. Акчанын азабынан өлүм таап жаткан Занжанинин 13,5 миллиард (!) доллары бар экен!