Коррупцияны жана уюшкан кылмыштуулукту иликтөө боюнча борбор, Журналисттик иликтөөлөрдүн эл аралык консорциуму даярдаган көлөмдүү жана документалдуу баяндама жекшемби күнү кечинде бир нече өлкөдөгү маалымат каражаттарында, интернет сайттарда бир нече тилде жарыяланды. Анда Путин, Назарбаев, Порошенко, Алиевдердин фамилиялары да бар. Булар арам акчаларды кантип адалдап жатканы айтылат. Путиндин жакындары “Россия” банкынын президенти Юрий Ковальчуктун жардамы менен 2 млрд. долларды адалдашкан. Алардын ичинде петербургдук виолончелист Сергей Ролдугин, ишкер Аркадий Ротенберг, президенттин пресс-катчысы Дмитрий Песковдун аялы Татьяна Навка, Экономикалык өнүгүү министри Алексей Улюкаевдин уулу, Коопсуздук кеңеш катчысы Николай Патрушевдин жээни, Москва мэринин орун басары Максим Ликсутов, Псков облусунун губернатору Андрей Турчактын аялы, Челябинск облусунун губернатору Борис Дубровскийдин жана Мамдуманын төрт депутатынын оффшордо эбегейсиз суммадагы акчалары бар экен.