Домой Саясат Чодуев жалган кат менен «жакынын» кытайга жөнөткөндө…

Чодуев жалган кат менен «жакынын» кытайга жөнөткөндө…

155

Интернетте айыл чарба министиринин жоругу катуу сынга кабылды. Айрымдар бекер мүмкүнчүлүктөн пайдаланып Кытайды көрүп келүүгө Беккулиеваны жөнөткөн Чодуевге наалат айтышууда. Ойлонбогон бир кадамы менен Кыргызстанды дүйнөлүк аренада шылдың кылган Чодуевке кандай чара көрүлөөрү коомчулукка кызык болууда.

Болуп өткөн жагдай боюнча биринчилерден болуп депутат Элвира Сурабалдиева үн катты.

— Экспорт бөлүмүн башкарган адис Беккулиеваны Кытайга бекер командировкага жөнөтүш үчүн — айыл чарба министри Эркинбек Чодуев министрдин орунбасары деп расмий катты жалган жаздырткан кагаз интернетте талкууга алынды. Жергиликтүү калкты жыргатпаган жетекчилер, эми ушинтип бизди эл аралык деңгээлде да уят кылып бүтүрүшөт турбайбы?

Жакында эле кармалган токой чарба агенттигинин жетекчиси Рустамов өзүнүн шоопурун командировкаларга жөнөткөнү да маалым болгон. Жоопкерчиликке эч ким тартылган эмес. Унчукпаса, боло берет экен да?

Урматтуу өкмөт башчысы, Тышкы иштер министрлиги, — булар мынтип кутурушса, башка министрликте эмне болуп жатканын ким көзөмөлдөп жүрөт?- дейт Сурабалдиева.

Булак: «Багыт»