Башкасын го мейли, Жогорку Кеңештин 15 жылдан берки депутаты Анвар Артыковго эмне жок. Бул адам мамлекеттин эсебинен да үй алып, аны кызына бере салып, кайра парламенттин батиринде баш калкалайт турбайбы. Ал эски бийлик дагы мамлекет берген үйдү тартып ала алган эмес, эми бийлик дагы тартып ала албайт деп төш кагып турат. Береги сүрөттөгү көз жоосун алган хан сарай Артыковдун өзүнүкү. Аянты 467,4 кв/м. чапчыйт. Мындан башка да 97,4 кв/м. бир батирге ээ экен. Анвар аксакал өткөн жылы депутат катары 2 млн. сомго жакын айлык алган.
Ошондой эле, Hyundai Sonata жана Toyota Land Cruiser машинелерине да ээлик кылат. Айтмакчы, өткөндө ошол жол тандабас машинесин машине койбочу туура эмес жерге коюп салып, МАИ кызматкери ага эскертүү берген. Аксакал депутат кыязы, КСДПнын колтугуна кирип кетип, өзбекчесинен өлөрманданып жаткан кези го…
КСДПнын дагы бир депутаты Тилектеш Исаев буга чейин: “Асур”, “Интек” жеке ишканаларын, кийин эл аралык “Манас” аэропортунда май куюучу комплексти, ири “Газпромнефть-Аэро Кыргызстан” ишканасын жетектеген. Кыскасы, капчыгы калың, байлыгы жетиштүү. Бирок, “үйүм” жок дегени, жөн эле бет тырмарлык эмеспи.