Бүгүн, 2-февралда Жогорку Кеңештин жыйынында Соцфонддун төрагасынын орун басары Гульнура Жуматаева пенсиянын топтоо бөлүгүн көбөйтүү үчүн фонддун каражаттарын инвестициялоо боюнча баяндама жасады.
Ал берген маалыматка ылайык, Соцфонд каражаттарын көбөйтүү максатында, пенсиялык топтоолорду баалуу металлдар жана КРнын Улуттук банкынын баалуу кагаздарына инвестициялоо үчүн активдердин тизмегин кеңейтүүнү көздөөдө.
«Баалуу металлдарды, баалуу кагаздарды инвестиция булагы катары карап, алар узак мөөнөттө алгылыктуу көбөйүшүнө байланыштуу ал активдерге жайгаштыруу максатка ылайыктуу деп эсептелет», — деди ал.
Ошондой эле Соцфонд инвестициялык портфелди диверсификациялоо, ал каражаттардын өсүшүн жана сактыгын камсыз кылуу максатында Резервдик фонд түзүүнү сунуштоодо.
Белгилей кетсек, мыйзамдын долбоору биринчи окууда каралды.