— Президенттикке талапкер Өмүрбек Бабанов элге тоодой убадалары берип, ар бир кыргызстандык үчүн 9 пайыздан ипотеканы жеткиликтүү кылам деп жатат. Сиз буга ишенесизби?
— Бабанов ушунча байлыгына топук кылып, элдин ырыскысына буга чейин кол салбаганда ишенсек болот эле. Азыр болсо бул саясатчы жеке менин ишеничимден такыр кеткен. Мүмкүн карапайым калк Бабановдун кооз сөздөрүнө ишене бериши ыктымал, бирок саясаттан кабары бар адамдар бул кишиге эч качан ишенбейт.
— Бирок, буга чейин берген убадаларын ишке ашырганын айтып жатпайбы. Ошол эле арзан насыя бердим, депутаттардын артыкчылыгын жойдум деп. Мүмкүн бул шайлоодо берген убадаларынын да өдөсүнөн чыгар?
— Депутаттардын артыкчылыгын жоём деп тыртык кылып салды. Популисттиктин деле чеги менен болушу керек. Эл өкүлү болуп иштөө оңой эмес. Ушул Бабановдордун курулай популизминин айынан парламенттин ишинин эффективдүүлүгү төмөндөдү. Анткени, депутат үчүн жок дегенде бир жардамчы, юрист керек. Анткени, бардык эле адам юрист эмес. Анын үстүнө Жогорку Кеңеш маанилүү мыйзамдарды кабыл алганда ар бир эл өкүлү аны анализдеп, жети өлчөп бир кесип чечим кабыл алышы зарыл. Бул учурда сөсүз жардамчы керек.
Ал эми арзан насыяны Бабанов жанынан берген эмес. Ал өкмөт башчысы болуп турганда “Кумтөрдүн” салыгын бир жыл мурда мыйзамсыз алып «Алатоо финанс” деген өзүнө тиешелүү фирмага карматкан. Бул насыяны мамлекеттик банктардан да бердирсе болмок. Бирок Бабанов өзүнө тиешелүү адамдарга гана насыяны берип, анын бир топ суммасын ар кандай жолдор менен кымырып алганы айтылган.
— Бабанов Кадамжайда эл менен жолугушуп жатып төңкөрүш палдандап жатканын тымызын ачыктап коюптур. Бул саясатчы шайлоодон желисе ушундай аракеттерге барбайбы?
— Бабановдон баарын күтсө болот. Анткени, буга чейин ушундай маалыматты айрым ММКлар жазып чыккан. Эгер Бабанов олигархтарга таянуу менен башаламандык уюштура турган болсо биз партиот балдар ордуна коебуз. Кыргызстан оюнчук эмес. Элдин тынчтыгына коркунуч келсе тикебизден-тик турабыз. Эл аралык шылуундарга мекенибизди тепсетпейбиз.