can you buy viagra in germany.
Президенттикке талапкер Өмүрбек Бабанов элге күйгөн, кыргызга боору ачыгандай түр көрсөтүп, шайлоочуларга тоодой убадаларды берүүдө. Бирок, Өмүрбек Токтогулович буга чейин колунан келип туруп карапайым калкка жакшылык кылган жок. Ушунча байлыкка, мүктөргө ээ болгон күндө деле бир да жолу муктаж адамдарга кол сунбады. Оор дартка кабылып, айласы кеткен далай адамдардын суранычын четке каккан. Бабановго үмүт арткан бир топ адамдар оорунун айынан бул дүйнө менен кош айтышканын билгендер айтып жүрөт. Миллиард акчасы туруп бир да жолу кайрымдуулук иш жасаган эмес. Окуучулар же ветерандар менен жолукканда ручка, калемсап сыяктуу арзыбыган белектер менен кутулуп келгенин көрүп эле жүрөбүз. Кыскасы битир, сараң Бабанов элге куру убадаларды берүүдө.
Бул “азамат” кыргызга күйгөндө 370 млн. долларын Россияга инвестиция кылбай, Пензадагы цемент заводун Кыргызстанга курмак. Аны менен миңдеген жумушчу орундары түзүлүп, өлкө казынасына миллиарддаган салык түшмөк. Цементти Казакстандан кымбатка сатып алып жаткан эл Бабановдун заводунан арзан цемент алып жыргамак. Бирок, Бабанов Кыргызстанга түпкүрүндө күйбөй турганын ушул аракети менен далилдеди. Керек болсо ал шайлоодон кийин өзү айткандайталастык чалдарга чай бергенге жараган эмес. Аксакалдарга ысык чайын ыраа көрбөгөн Бабанов президент болсо жыргатабы?