Өмүрбек Бабанов кызы Айперини турмушка узатты. Үлпөт той ишемби күнү Бишкек шаарындагы Sheraton отелинде өттү. Бабанов Чүй облусунун мурдакы губернатору Азамат Кангелдиев менен куда болду.
Кызы Айпери менен күйөө баласы Санжар Кангелдиев Лондондо окуп жүрүп таанышкан. Айпери Бабанова Бишкекте № 61-мектепти аяктап, Британияда Cass Business School окуу жайында улантууда.