А, негизинен акыл-эстүү, мыйзамды сыйлаган көпчүлүк бир эмес, эки кылмыш иши козголгон, акыркы 20 жыл ичинде кыргыз саясатында жүрүп, убагында Айдарга, Максимге таянып алып, рейдерлик саясатын ийгиликтүү ишке ашырганын жакшы билген көпчүлүк Бабановду камоону талап кылып турат. УКМК 8-августта Бабанов кайтып келсе жоопко тартылары боюнча маалымат тараткан. Бирок сөзүнө турган жок. Тараткан маалыматы базардагы оргу-баргы сүйлөгөн катындын өйдө-төмөн кебиндей эле болуп калды. Атайын кызмат колунан кокон тыйын келбеген соӊ, оозун көптүрүп сүйлөгөндөн этият болбойбу. УКМК эмне кылсын. Айбат көрсөтүмүш болгону менен президенттин оозун карап, буйрук берген ишин буйдалбай жасаганга аракет кылат. Кептин баары Жээнбековдун өзүндө да.
Эч ким унута элек. Эки жыл мурун Жээнбеков президенттик шайлоо учурунда Бабановго коррупция боюнча 25 суроо бере турганын, коррупцияга каршы күрөштү дал Бабановдон баштай турганын, анын балапан саясатчы экенин баса белгилеп айтты эле. Ал айткан сөздөрү кайда калды. Ал жалындуу сөздөр эмнеге аткарылбай калды? Шайлоо учурунда алабарман Бабановдун өлкөгө зыян алып келе турчу кадамдарына карата бир эмес, эки оор кылмыш ишин козгоду. Негизи мыйзамга ылайык андай оор кылмыштарга шектүү адамды качырбай туруп дароо камаш керек эле. Качып кеткен учурда дароо издөө жарыялоо зарыл болчу. Жээнбековдун бийлиги андай кылбады. Кылмышты козгоорун козгоп, качырып жибергендерине эки жыл бою ыраазы болуп жүргөндөй туюлду.
Жээнбеков өзүн ар дайым эл алдында таза, чынчыл, мекенчил өлкө башчысы катары көрсөтүп, мамлекет кызыкчылыгы жеке керт башынан жогору турганын улам кан какшап айтып келет. Бирок иш жүзүндө андай сапаттардан куржалак калган, жалганчы, убадасын унутуп калган, мажирөө, мамлекет кызыкчылыгын жеке кызыкчылыктан кийин койгон президент экенин минтип иш жүзүндө көрсөтүп жатат. Жалганчы болбосо шайлоо учурунда берген убадасына туруп, коррупцияга каршы күрөштү Бабановдон баштап, анын Аскар Акаев менен Бакиевдин тушундагы рейдерлик саясатын тереӊ иликтетип, миллиондорду, миллиарддарды кустурмак да, түрмөнүн түбүнө түшүрмөк. Тилекке каршы андай болгон жок. Жээнбеков муну менен бир эмес, бир нече жүзү бар экенин ашкерелеп койду. Элге башканы айтып, көшөгө артында башканы кылып жатканы акылга сыйбай турган маселе. Мындай кадамдары менен ансыз да азайып калган кадыр-баркын тез эле “кайтыш” кылаары бышык. “Хандын сөзү эки болбойт” деген кепти унутпашы зарыл эле. Эгер карапайым адамдар тоок уурдаган болсо, укук коргоо органдары дароо баса калып жоопко тартат. Бийлик ал жагын көзөмөлдөп турат. Ал эми миллиондорду уурдагандарды, эки элди чабыштырууга тукурган сөздөрдү айткандарды, бирөөлөрдүн мүлкүн басып алган шылуундар менен жеӊ ичинен сүйлөшүп алып, ээн-эркин коё берет. Муну биз качкын бир эмес, эки кылмышка шектелген Бабановдун мисалынан дагы бир ирет көрүп турабыз.
Кан төгүлгөн учурду жеке кызыкчылыгына пайдаланып…
Бабановдун буга чейин Кыргызстанга эки ирет келүү аракетинен майнап чыккан эмес. Ал учурда камай турганы айтылган соӊ, келбей турганын жар салган. Бул ирет ал өлкөдө ызы-чуу болуп, Кой-Ташта кан төгүлүп, адам өлүп жаткан кырдаалды жеке кызыкчылыгына пайдаланды. Ниети жакшы эмес, элди эмес, өзүн гана ойлой турган адамдын кадамдары дал ушундай болот окшобойбу. Анчалык жүрөктүү болсо тынч учурда келбейт беле.
Мындан бир, эки ай мурун ЖКнын Канат Исаев, Төрөбай Зулпукаров баштаган бир катар депутаттары Москвага барып Бабанов менен жолугуп келишкени боюнча маалымат тарап, ал кызуу талкууга алынган эле. Ал депутаттар Бабановго бийликтин тапшырмасы менен жолукканы, жакында Бабановду актоо иш аракеттери болоору ошондо эле ачыкталып калган болчу. Көпкө созулган жок. Дал ошондой болду. Деги эле, кылмышка шектүү адам элди кыдырып, элге акыл үйрөтүп бакылдап жүргөнү кайсы акылга сыят?
Бабанов Жээнбековдун өз башына тийген муш болот…
Бабанов Жээнбековдун бийлиги менен кандай жагдайда, кандай маселеде сүйлөшкөнү азырынча жалпы коомчулука маалым эмес. Бирок көпчүлүк болгоолоп билип турат. Жакында УКМК оор уйкусунан ойгонуп, Бабановду козголгон кылмыш иши боюнча чакырат. Анан суракка алымыш этип, “суудан кургак чыгарат.” Ошону менен Бабанов Жээнбековдун бийлигине ак кызматын кылып, акырындык менен партиясын кийинки шайлоого даярдап баштайт. Баса, бул эргул кылгылыкты кылып коюп Кыргызстандан качып кеткенден кийин Москвада жатып алып: “Саясаттан кеттим, мындан ары саясатка аралашпайм”- деп билдирүү таратканы бар. Бирок сөзүнө турбаган саясатчы сөрөй неме кайрадан саясатка аралашып, мансап үчүн эт- бетинен кетет. Эмитен элде кээ бир эксперт чалыштар Бабановду жактап, аны Жээнбеков өкмөт башчы кылат деп сагызгандай сайрап башташты. Аларды Бабанов акча төлөп, өзүн айга-күнгө теӊетип, сайратып жаткандай туюлат. А, негизинен Бабанов мындайга кыйын. Өзүн мактатканды, өзүндө жок мыкты сапаттарды көбүртүп—жабыртып жалпы коомчулука жайылтуу боюнча алдына эч кимди чыгарбайт. Бул жагына алганда “Бош челек катуу калдырайт” – дегендей, Бабанов өзү тууралуу “өлүп бараткан кишидей” эле катуу айкырык –кыйкырыкты салдырып турат. Карапайым эл, ал тургай акылдуу, жөндүү деген эле көп саясатчылар анын бал сөзүнө ишенип, “эрип” калып жатышпайбы. Чындай келгенде, бул эргулуӊ Алдар көсөнүн өзүн деле алдап кете турган сапатка эгедир. Анан Алдар көсөнү алдап жаткан Бабанов Жээнбековду кантип алдай албасын. Убакыт көрсөтөт деӊизчи, бирок Бабанов толук акталып алса, акыры Жээнбековдун дал өзүнө башына тийе турчу муш болуп калышы да толук мүмкүн. Эгер Жээнбеков өз бийлигин бекемдейм десе, анчалык кыраакы болсо, Бабановду ушундайында мыйзам чегинде жоопко тартышы зарыл. Азыр бул кадамга барбаса, кийин кеч болуп калат. Дооронбек Садырбаев, “Шордуу кыргыз элим, али тарткылыгыӊ али алдыда” – деп жазып кеткендей, элибиздин Бабановдон тарта турчу азабы али алдыда окшобойбу. Кысталактыкы десе…
Айбек ШАМШЫКЕЕВ