Бүгүн, 12-апрелде массалык башаламандык уюштурууга даярдануу беренеси менен айыпталган Гүлнара Журабаева үй камакка чыкты. Мындай чечимди Биринчи май райондук соту кабыл алды.
Буга чейин 20дан ашуун адам массалык башаламандык уюштурууга даярданууга айыпталып, «СИЗО-1» абагына камакка алынган болчу. Алар Кемпир-Абад суу сактагычын Өзбекстанга берүүгө каршы чыгышкан.
Бүгүн алардын айрымдары үй камакка чыгарылып жатат.