Экономика министри Арзыбек Кожошев Россиянын Экономиканы өнүктүрүү министри Алексей Улюкаев менен Ысык-Көлдө эс алып жатат дейт. Бир кезде орус министри айланага көз чаптырып:
— Арзыбек Кожошевич, тээтиги сууга түшпөй, күнгө күйбөй, эртеден-кечке көлөкөдө жаткан кайсыл сулуу болду экен?
Анда “учурунда айтпаса сөз атасы өлөт” деген сөздү иттей жакшы көргөн Арзыбек мырза:
— Албы? Ал деген – Кыргызстандын экономикасы. Көз тийбесин, көз тийбесин –деп коёт дейт.