1. Алма менен корица (тропикалык жыгачтын кургатылган жыттуу кабыгы). Алманы жука кесип, 500 мл. таза сууга салабыз, ага 1 чай кашык жыттуу кабыктан кошуп муздатып, күнү бою ичүү керек. Бул суусундук организмдеги зат алмашууну жакшыртып, ичеги-карын жолдорун тазалайт.
2. Лимон ширеси менен бал. 2 аш кашык жаңы сыгылган лмион ширесине 200 мл. жылуу суу, 1 чай кашык таза бал жана бир чымчым имбирь (тропикалык өсүмдүктүн жыттуу тамыры) кошобуз. Муну ачкарын, эрте мененки тамактанууга жарым саат калганда ичүү керек. Бул тамак сиңирүү жолдорун тазалайт, кан тамырларды бекемдеп, күч-кубат тартуулайт.
3. Имбирь суусундугу. Имбирдин жаңы тамырынан бир аз алып кабыгынан тазалап, майда кылып кесебиз, буга 1 литр кайнак суу куюп, кайра бир сыйра кайнатып, жай отто 10 мүнөт кармайбыз. Муздагандан кийин бир чымчым талкаланган корица менен 3 кашык ит мурундун ширесинен кошобуз. Муну тамактанууга жарым саат калганда 100-150 мл.ден ичүү керек. Булсуусундук тамак сиңирүүнү жакшыртып, организмди чыңдоо касиетине ээ.
4. Кызылча ширеси. 1 кызылча, 2 алма жана 4 баш сельдерейден шире жасап аны күнүнө эки жолу тамактын алдына 1 аш кашыктан ичип туруу зарыл.
5. Ден соолук коктейли. 1 апельсин, 1 лимон жана 1 сабизден шире жасап, 100 мл. суу менен аралаштыруу керек. Муну тамактын алдында ачкарын ичсе болот. Бул шире чарчап-чаалыкканда жакшы жардам берет.
6. Бадыраң менен сельдерей. 1 бадыраң менен 1 баш сельдерейдин тамырын майдалап, 300 мл. суу кошот. Муну жеңил диета кармаган күндөрү ичсе пайдасы көп.