Кыргызстандагы кесир сүйлөп, көп учурда ичкен кудугуна балчайта түкүргөн саясатчылардын бири — бул Ирина Карамушкина экенин элибиз жакшы билет. Бул айым Кыргызстандан агарып-көгөрүп, төбөсү элге көрүнгөнүнө тобо кылбай, элибиздин улуттук баалуулуктарына, каада-салтына, динине асылып келет. Жек көрүндү деле болуп бүттү. Өзүн төбөсүнө чыгарып, колдоп келаткан КСДПнын аброюна шек келтирүүнү адатка айлантып алды. Же КСДПчылар кой деп тыйып коюшпайт. Биз сөз кылып жаткан депутат айымдын бул жолу “жума намазга барчуларды текшериш керек” деген маанидеги “балп” эткен сөзүн коомчулук катуу сынга алып жатат. Кол топтоп, аны депутаттыктан кетирүү керек деген аракеттер башталып, ал да күн өткөн сайын күчөп барат. Кыргызга жакшылык кылбаган Карамушкина өз орду кайда экенин билиши зарыл. Болбосо, ал ЖКнын бийик трибунасынан элдин кыжырына тийгизген жаман сөздөрдү айта берет.