Домой Саясат “Түшүмдө Путиндин колун кармадым, жоруп бергилечи” деген Келдибеков

“Түшүмдө Путиндин колун кармадым, жоруп бергилечи” деген Келдибеков

52

Соцфондду жетектеп турганда кары-картаңдардын пенсиясы менен жаш балдардын пособиясына суук колун салып, мультимиллионер болуп алган, “коррупциянын атасы” атыккан Акматбек Келдибековдун “Президент болом” деген амбициясы үйлөнгөн өпкөдөй эле көөп барат. Ал Адахан Мадумаров, Камчыбек Ташиев менен биргеликте бир партиянын алдында бир саясый күчкө айланганы тууралуу билдирип чыкканын маал-маалы менен унутуп калып жатат.

Владимир Путин

Алардын бул тандеминин негизги принциби: “Биз биригип бир гана президенттикке талапкерди алып чыгабыз” деген принцип болчу. Мына ушул принципти унута калып, бирде “Келдибеков президенттик шайлоого карата штаб ачып, структурасын түзүп жатат” деген имишти чыгарса, бирде “Келдибеков Москвадан Путинге жолугуп, колун кыса кармап келди” деген сөз чыгарууда.

Тактап айтсак, ал Москвага барып келгени, ал жактан Владимир Путин менен жекече жолугуп, колдорун катуу кысышканы жөнүндө “жөө жомок” чыгарып, “Эми Келдибековду президенттик шайлоодо Путин өзү колдой турган болуптур” деген имишти таратууда.

Мындан улам: “Кызыл Аянтта Путинге окшош киши жок эле, эгерде Ленинге окшош же Сталинге окшош киши менен сүрөткө түшүп, колун катуу кысып келдим” десе окшошуп калмак” деп шыпшынып турубуз. Жалганды да чындыкка бир аз жакыныраак кылып айтсаңыз жакшы болбойт беле, Акматбек Келдибекович? Же түшүңүздө көргөнүңүзгө ишенип алган чагыңызбы?