Депутат Камчыбек Жолдошбаевдин кабинетине кезектеги шайлоо кампаниясына сүрөттөрүн даярдоо үчүн журналист жана фотограф Сурат Жылкычиевди чакырышты. Бир мүнөттөн кийин талапкердин кароолдору ал жигитти эшиктен сүрүп чыгарышканы, артынан депутаттын сөгүнгөнү угулду.
-Эмне болду? – деп сурады аны күтүп турган журналист Арслан Сартбаев, – Депутат сизге эмнеге анчалык таарынды?
-Түшүнсөм кудай урсун! – деди Сурат мырза кызара түшкөн кулагын кармап. Мен ага бир эле сөз айтканга үлгүрдүм. Сүрөткө тартардын алдында аны акылдуу түр көрсөтүүсүн суранган болчумун да…