Жогорку Кеңештин депутаты болууга жогорку кесиптик билим тууралуу диплом талап кылуу нормасын алып салуу мыйзам долбоору сунушталды. Документ парламенттин сайтына коомдук талкууга коюлду.
Демилгечилер — эл өкүлдөрү Жанар Акаев, Нурлан Шакиев, Улугбек Ормонов, Дастан Бекешев, Сеид Атамбаев, Марлен Маматалиев.
Алар Кыргызстандын бардык жарандары шайлануу укугун пайдалана албай, конституциялык укугу чектелип жатканын белгилешкен.
«Талдоо көрсөткөндөй, жогорку кесиптик билими бар адамдарга караганда чет өлкөлөрдө көп жылдан бери жүргөн жарандардын көпчүлүгүнүн жогорку кесиптик билим алууга мүмкүнчүлүгү жана убактысы жок. Ошол эле учурда алар белгилүү бир социалдык чөйрө жөнүндө түшүнүгү бар жана көптү билишет. Бүт өмүрүн спортко арнаган спортчуларды да кошууга болот. Дал ушул адамдар бардык социалдык көйгөйлөрдү ичинен түшүнүп, чечүү жолдорун билишет. Бирок көп учурда алардын үнү угулбай калат», — деп жазылган маалыматтык негиздемеде.
Ушуга байланыштуу КР жарандарынын белгилүү чөйрөсүнүн депутаттыкка шайланышын чектеген норманы алып салуу максатка ылайыктуу деп эсептешет.
Белгилей кетсек, былтыр Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо тууралуу мыйзамы өзгөртүлүп, «жогорку билимдүү жарандар гана шайланууга укуктуу» деген норма киргизилген.