Жалал-Абадда Чубак ажы Жалилов Сооронбай Жээнбековду колдоп сүйлөдү деп айрым активисттер ар кайсы жакка арызын көтөрүп чуркап жүрөт. Ошол эле кезде Чубак ажыдай таасирдүү дин аалымы, экс-муфтий Садыкжан Камаловдун Ѳмүрбек Бабановду колдоп эл кыдырып жүргөнү көз жаздымда калып калгандай. Сиздер бул боюнча чара көрөсүздөрбү?
— Биринчиден, Чубак ажы Жалилов боюнча активисттердин арызы БШКга келип түштү деп уктум. Аны сөзсүз карап чыгабыз. Эгер Чубак ажыны Сооронбай Жээнбеков өзү чакырып сүйлөткөн болсо ага да чара көрүлөт. Бирок, Ч.Жалилов өз кайрылуусунда “мени Камчыбек Ташиев чакырды” деп айткан окшойт. Биз иликтеп чыгып кайсы талапкер чакырып, аны сүйлөткөн болсо ага чара көрөбүз. Ташиев да учурда президенттик кызматка талапкер. Эгер ал чакырган болсо ага да чара көрүлөт.
— where to buy viagra for men. Бабановду колдогон экс-муфтий Садыкжан Камаловго унчукпайсыздарбы?
— Экс-муфтий Садыкжан Камалов боюнча Бабановго дагы бир эскертүү беришибиз мүмкүн. Мыйзамда диний кызматкерлердин үгүт иштерине катышуусуна тыюу салынат. Андыктан биз ушул норманы карманабыз.