22-сентябрда бир катар коомдук уюмдардын өкүлдөрү маалымат жыйын өткөрүп президенттикке талапкерлерди башка мамлекеттин лидерлеринен колдоо сурабоого чакырды. “Сары Өзөн – Ай тамга – Солто” коомдук уюмунун жетекчиси Ормон Шаршенов кээ бир талапкерлердин башка элден колдоо издегенин уятсыздык деп баалады. Анын айтымында, талапкерлер кыргыз элинен гана бата сурашы керек. “Кээ бир талапкерлер шайлоого карата башка элден, бөлөк мамлекеттин биричи адамдарынан колдоо, жардам сурап жатат. Бул менин, кыргыз элинин абийирин, ар-намысын саткан менен барабар. Биз эч качан мындайга жол бербешибиз керек”, — дейт ал.
О.Шаршенов башка мамлекетке чуркап барып, алардын жетекчилерине тизе бүккөндөр эч качан Кыргызстанды көз карандысыз кыла албайт деген пикирин айтты. “Кыргызстандын президентин чет өлкөнүн президенттери эмес кыргыз эли тандайт. Сырттан колдоо алып келип, суранып келген акчасын чачкандар бизге эч качан жакшылык алып келбейт. Муну элибиз да билип турат. Биздин коомдук уюм эле эмес, жалпы коомчулук буга нааразы болууда”, — дейт ал.
Ошондой эле О.Шаршенов жалпы талапкерлерге кайрылып, мындай уятсыздыкка барбоого чакырды. “Эгер силер өз элиңерден колдоо таппай турганыңарды билип башка мамлекеттен жардам сурасаңар бул — абийирсиздик. Кандай гана эл болбосун ал өз алдынча маселе чечкен, башкалардын көзүн карабагандай болушу керек”, — дейт ал.
Маалымат жыйынга катышкан башка жарандар да ушундай пикирлерин билдирип, сөз ким жөнүндө болуп жатканын ачыктаган жок. Бирок, биз муну ачык айтып коюшубуз керек. Кыргыздын, ар-намысын, абийирин сатып, Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаевге тизе бүккөн Өмүрбек Бабанов. Бабановдун мындай абийирсиздиги өзүнүн башына муш болуп тийип, учурда аны колдогондор жерге түкүрүүдө.