Дин аалымы Чубак ажы Жалилов үгүт ишине катышты деп чара көрүп, ошол эле учурда Ѳмүрбек Бабановго элди үгүттөгөн диний лидер Садыкжан Камаловго чара көргөн жоксуздар. Бул жерде кош стандарттуу саясат болуп жаткан жокпу?
— Садыкжан Камаловго да чара көрөбүз. Бул факты тастыкталды жана атайын жумушчу топ иштеп жатат. Административдик жоопкерчилик боюнча кабыл алынган жобого ылайык, Чубак ажы Жалилов менен Садыкжан Камаловго айып салынышы мүмкүн.
— Бирок, Чубак ажы боюнча талапкерге эскертүү берилди. Садыкжан Камалов үгүт кылган талапкерге чара көрүбөйбү?
— Ооба, Чубак ажы Жалилов боюнча бир талапкерге эскертүү берилди. БШК коллегиялдуу орган. Ошондуктан маселени добуш берүү менен чечебиз. Жеке менин пикирим боюнча бул маселе боюнча талапкер Өмүрбек Бабановго да эскертүү берилет.
— Бул маселени качан карайсыздар?
— Жакынкы күндөрү атайын түзүлгөн жумушчу топтун корутундусу чыгары менен каралат.