Домой Саясат Кайрат ОСМОНАЛИЕВ, БШКнын мүчөсү: “Шайлоо бурмаланды дегендер күрөшкө тойбогондор, бир да далили...

Кайрат ОСМОНАЛИЕВ, БШКнын мүчөсү: “Шайлоо бурмаланды дегендер күрөшкө тойбогондор, бир да далили жок айыптоолор”

45

               osmonaliev

“Клооп” деген интернет сайты 15-октябрдагы президенттик шайлоо “samara.kg” деген сайт аркылуу бурмаланды деген иликтөөсүн жарыялады. Бул макаладагы маалыматтар канчалык чындыкка жакын?

Анын баары жалган. Реалдуу далилденмеси жок сандырак кептер. Аны уюштургандар “жеңилген күрөшкө тойбойт” болуп жатат. Кыргызстанда президенттик шайлоо биринчи жолу болуп көрбөгөндөй атаандаштыкта, таза өттү. Муну 800гө жакын эл аралык байкоочулар, миңдеген кыргызстандык байкоочулар моюнга алды. Дагы кандай далил керек? Шайлоо бурмаланды дегендер күрөшкө тойбогондор, бир да далили жок айыптоолор.

ordering ivermectin online. Шайлоо күнү бир топ майда мыйзам бузуулар орун алганы белгилүү болду. Бул боюнча кандай чара көрдүңүздөр?

Шайлоо жыйынтыгына терс таасирин тийгизе турган бир да олуттуу мыйзам бузуу катталган жок. Ошентсе да майда-чүйдө мыйзам бузуулар боюнча тиешелүү чаралар көрүлдү. Бири да көз жаздымда калган жок. Биз бул жолу жаңы шайлоо боюнча мыйзамдын негизинде иштедик. Жогорку Кеңеш тарабынан кабыл алынган бул мыйзам эл аралык стандартка жакын деп айтылган. Анын бардык нормалары сакталды.