Бүгүн Жогорку Кеңештин жыйынында Министрлер кабинетинин жаңы курамын бекитүүдө депутат Дастан Бекешев менен Камчыбек Ташиевдин ортосунда пикир келишпестик чыкты. Жыйынында депутат Бекешевдин сөзүнө жооп берип жатып, анын «жөнү жок эле сындай бересиз» -деп айтты.
Дастан Бекешев УКМКнын төрагасын тойдо Райымбек Матраимов менен чогуу жүргөнүн айтып чыкты.
Ал эми Камчыбек Ташиев Дастан Бекешевге негиздүү сунуштарды берүүнү суранды.
«Дастан Далабайевич, биз бир жылда 7 жарым миллиард сом бюджетке төктүрдүк. Буга чейинки 10 жылда болгону 5,9 миллиард сом түшкөн. Коррупция менен алектенип жүргөндөрдүн баарын жоопко тарттык, дагы тартабыз. Мени менен бирге тойго, Куран окутууга барса да, коррупциялык иштерди жасагандын баарын жазага тартабыз. Эгер сиз дагы мыйзам бузсаңыз, жоопко тартабыз. Мен тойго «бирөө» менен барган болсом эле, аны менен достошуп кеттим дегенди түшүндүрбөйт. Мен жыл ичинде бир эле жолу тойго бардым, анда силер айтып жаткан Матраимов менен чогуу отурган жокмун. Чогуу отурсам да, бул жаман деп ойлобойм. Анткени Матраимов башкаларга караганда, 2 млрд сом бюджетке төлөдү. Аны эч ким калкалаган жок», — деди Ташиев.
Депутат Дастан Бекешев өлкөдө коррупцияга каршы күрөшүп жүргөндөр жемкорлукка баргандар менен чогуу тойго барып жүрүшкөнүн сындаган.
Биз керек болсо баарын кустурабыз. Эгер сиз мыйзамсыз иш кылсаңыз сизге дагы кылмыш ишин козгойбуз. Мен тойго барсам болбойбу? Кыргыз Куран окутууга, тойго чакырса барат. Ал жерде Матраимов менен бир столдо отурган жокмун. Сөз сүйлөп кеттим»,— деди Ташиев.
Өткөн жумада Ош шаарынын мурдагы мэри Таалайбек Сарыбашевдин баласынын үйлөнүү тоюна УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев да барганы айтылган. Андагы сүрөттөрдөн коррупция менен айыпталган Райымбек Матраимовду көрүүгө болот.