Домой Саясат Бир мандаттуу округдан Бакиев аттанды

Бир мандаттуу округдан Бакиев аттанды

203

Бакиев Кубанычбек — акын, жазуучу. Базар-Коргон районунун Каба кыштагында 1952-жылдын 25-февралында туулган.

1977-жылы Кыргыз мамлекеттик университетинин юридикалык факультетин артыкчылык диплому менен, 1992-жылы Кыргыз-Болгар жогорку менеджмент мектебин бүтүргөн.

Эмгек жолун 1977-жылдан тартып прокуратура органдарында райондук прокуратуранын тергөөчүсү, улук тергөөчүсү, райондун, облустун прокурору, Кыргыз Республикасынын Башкы прокурорунун орун басары болуп иштеген. «Юстициянын 3-класстагы мамлекеттик кеңешчиси» даражасындагы мамлекеттик чинге ээ.

К.Бакиевдин чыгармачылыгы орто мектепте окуп жүргөн жана студенттик мезгилде башталып, акындын чыгармалары республикалык, облустук басма сөз беттеринде үзгүлтүксүз басылып келе жатат.

Улуу грек тамсилчиси, ойчулу жана философу Эзоптун ж.б. байыркы тамсилчилердин белгилүү тамсилдерин жазуучу Калкамбай Ашымбаев менен биргеликте «Абалкы асыл ойлор» деген ат менен кыргыз тилине которгон.

«Дарыялар жайыкта кошулушат» аттуу тарыхый романы эл аралык Ж.Мамытов атындагы адабий сыйлыгына татыктуу болуп, «2001-жылдын мыкты китеби» катары таанылган. «Манас-1000» юбилейлик медалынын ээси.

2002-жылдан Кыргыз Республикасынын Жазуучулар союзунун мүчөсү.