Кыргызстанда шайлоочулардын добушун сатып алуунун жаңы ыкмасы колдонулат деген коркунуч бар. Бул тууралуу 13-октябрда Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында депутат Дастан Бекешев билдирди.
Анын пикиринде, парламенттик шайлоонун үгүт өнөктүгү учурунда айрым талапкерлер жана партиялар электрондук капчык аркылуу добуш сатып алышы мүмкүн:
“Биз баары шайлоо фонду аркылуу накталай эмес төлөнсүн деп мыйзамга киргиздик эле. Бирок ошол эле кезде добуш сатып алуу технологиясы да өзгөрүлүп жатат. Азыр кээ бир талапкерлер, партиялар электрондук капчык аркылуу добуш сатып алууга барганы жатышат. Балким, аймактарда андай болбойт, бирок Ошто, Бишкекте жаштар ичинде ушундай болушу мүмкүн. Ошондуктан Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет, Борбордук шайлоо комиссиясы, Улуттук банк, Финансылык чалгындоо кызматы ошол күндөрү, балким, бир эле электрондук капчыктан бештен жогору операция жасалып, мисалы, эки миң сомдон бирөөгө ыргытса, анда аларды көзөмөлгө алыш керек”.
Быйыл 28-ноябрда Кыргызстанда парламенттик шайлоо болот. Соңку парламенттик шайлоо Кыргызстанда 2020-жылдын 4-октябрында өткөн.