Домой Коом ЖКнын төрагасы Абдылдаев Жээнбековго импичмент жарыялоого кол коюудан баш тартты

ЖКнын төрагасы Абдылдаев Жээнбековго импичмент жарыялоого кол коюудан баш тартты

157

Эльвира Сурабалдиеванын айтымында, Садыр Жапаров президентти кулатпоону талап кылып, эл өкүлдөрүн коркутууда

Жогорку Кеңештин жаңы спикери Мыктыбек Абдылдаев менен парламенттин депутаты Айнура Аскарова президент Сооронбай Жээнбековго каршы импичмент жарыялоо боюнча документке кол коюудан баш тартышты. Бул тууралуу эл өкүлү Элвира Сурабалдиева Твиттерде жарыялады.

Парламентарий ошондой эле колониядан бошотулган экс-депутат Садыр Жапаров Жээнбековго импичмент жарыялоого кол койбоону талап кылып, эл өкүлдөрүн коркутуп жаткандыгын билдирди.


Эскерте кетсек, бүгүн парламент депутаттарынын жыйыны болуп, анда өкмөт башчылыкка Садыр Жапаровдун талапкерлигин парламент депутаттары Асылбек Жээнбеков, Төрөбай Зулпукаров жана Искендер Матраимов жактырганы белгилүү болду.

булак: vesti.kg