Домой Коом Тажикстанда кармалган кыргызстандын жарандары мекенине кайтарылды

Тажикстанда кармалган кыргызстандын жарандары мекенине кайтарылды

22

Тажикстанда кармалган кыргызстандык 12 адам 13-14-мартта мекенине кайтарылды. Бул тууралуу бүгүн, 15-мартта облус жетекчилигинен кабарлашты.

Маалыматка караганда, алар буга чейин Тажикстандын чек арасынан мыйзамсыз өтүүгө айыпталып кармалган. Баткен облусунун 5 тургуну, Ош облусунун 2 тургуну Кыргызстанга кайтарылды. 26-февралда Бишкек шаарынын 2 тургуну бошотулган. Жарандардын мал-мүлкү, унаалары толугу менен кайтарылды. Кыргызстандын кармалган бул жарандары, Тажикстандын соту тарабынан соттолуп, аталган мамлекеттин мыйзамы боюнча айып салынып, сот залынан кое берилди.

23-февраль күнү Тажикстандын аймагынан кармалган Лейлек районунун 3 тургуну, ыйгарым укуктуу өкүл Өмүрбек Суваналиев менен Тажикстандын Согди облусунун аткаруу бийлигинин төрагасы Раджоббой Ахмадзоданын сүйлөшүүлөрүнүн натыйжасында, Кыргызстанга кайтарылган. Анткени алар Тажиксандын аймагынан эмес, мамлекеттик чек ара сызыгынан кармалган үчүн эскертүү гана берилген.

Учурда чек арадан өтүү эрежелери боюнча телевидение, радио, гезит, социалдык тармактар аркылуу маалыматтар берилип, облустун чек аралаш аймактарында акимдер, айыл аймак башчылары эл менен жолугушуп, эл арасында түшүндүрүү иштери жүрүп жатат. Тийиштүү жерлерге атайын белгилер орнотулган.

Баткен менен Согди облустарынын чектеш аймактарында орун алган бул маселелерди чечүү боюнча, эртең 16-мартта Баткен облусунун жетекчиси Өмүрбек Суваналиев Тажикстандын Согди облусунун аткаруу бийлигинин төрагасы Раджоббой Ахмадзода менен жолугушуп, пандемиядан улам жабылган Лейлек районундагы «Кулунду» жана «Кайрагач» көзөмөл өткөрүү жайын ачуу маселесин карашат.

Кыргызстандын чек арасын мыйзамсыз басып өтүү боюнча айыпталып, Тажикстандын 15 жараны 2 айга камака алынган. Алар да Кыргызстандын мыйзамы боюнча жооп берет.

Окуя тууралуу:

Буга чейин УКМК социалдык тармактарда Тажикстандын күч түзүмдөрү тарабынан Кыргызстандын жарандары кармалып, барымтага алынышы тууралуу маалыматы чындыкка дал келбей турганын кабарлаган.

Маалыматка караганда, 16-февралда Кыргызстандын 5 жараны Тажикстандын аймагында мамлекеттик чек араны бузгандыгы үчүн кармалган. Алар Тажикстандын аймагынан мыйзамсыз түрдө 900 кг металл, 2 баш бодо мал жана 3 баш жандык малды ташып кетүүгө аракет кылып жатканда кармалган. Бул жарандарга карата тажикстандык күч түзүмдөрү тарабынан тергөө иш-чаралары жүргүзүлүп жатат. Аларды Кыргызстанга кайтаруу боюнча сүйлөшүүлөр жүргүзүлүүдө.

Андан кийин Тажикстанда кармалган баткендик тургундардын жакындары бүгүн, 22-февралда өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Өмүрбек Суваналиевге кайрылышканы белгилүү болгон.

Облустук жетекчиликтин маалыматына караганда, Ө.Суваналиев учурда укук коргоо органдары тарабынан, кармалган жарандарды Кыргызстанга кайтаруу боюнча сүйлөшүүлөр жүрүп жатканын айтып, бүгүн облустун атайын өкүлдөрү менен кармалган жарандардын ата-энеси Тажикстанга барып, алардын абалынан кабар алып келүүсүнө шарт түзүлөрүн билдирген. Чек аралаш аймакта орун алган маселелерди мыйзам чегинде, сүйлөшүү жолу менен чечүүгө аракеттер көрүлөрүн кошумчалаган.

Ошол эле учурда ар кандай себептер менен Тажикстандын аймагында кармалган жарандар Тажикстандын мыйзамдары боюнча жоп берүүгө туура келерин, ал эми Кыргызстандын аймагында кармалган Тажикстандын жарандары Кыргызстандын мыйзамдарынын чегинде жооп берүүгө милдеттүү экенин белгилеген.

Баткен облусунун аймагынан Тажикстанга өтүү үчүн мыйзамдуу 3 чек ара өткөрмө бекети бар. Алар Лейлек районундагы «Кулунду» жана «Кайрагач», Баткен районундагы «Кызыл-Бел» чек ара бекети. Башка аймактан өтүү чек ара мыйзамына ылайык, мыйзам бузуу болуп эсептелет.

Ошону менен бирге чек аралаш аймактардагы жарандардын атайын белгиленген транзит жолдордон өтүүсү каралган. Ал мыйзам бузуу болуп эсептелбейт. Ал жолдор Баткен районунун Көк-Таш, Таш-Тумшук, Ак-Сай, Тажикстандын Исфара—Ворух жолдору.

16-февралда Баткен районунун 3 тургуну, Кадамжай районунун 2 тургуну Лейлек районунун Жаңы-Жер айыл аймагы аркылуу Тажикстандын мал базарына барып, Тажикстандын Согди облусунун Кистакуз жеринен кармалган. Алар жол таппай, адашып калып, мыйзамдуу өткөрмө чек ара бекетинен өтпөгөндүктөн, Тажикстандын атайын кызматы тарабынан кармалган.

булак: Turmush.kg