Домой Коом Жарандык активист Гүлжигит Исаков Садыр Жапаровко Кумтөр боюнча жооп кайтарды.

Жарандык активист Гүлжигит Исаков Садыр Жапаровко Кумтөр боюнча жооп кайтарды.

556

“Садыр Жыпаров, Кумтөрдү көтөрүп келген адам катары 18 млрд. $дык алтын запасы турса деле “алтын калбай калды” деп айтканыңыз көптөгөн суроолорду жаратууда. “Сабырдуу бол, президент боло элекмин” дейсиз…Анда сиз дагы сабырдуу болуп, “Алтын калбай калды” дебей турбайсызбы?

Бирөө сизге кыстап айттырдыбы же?

Өзүңүз айтып жүргөнсүз, эң эле кеминде 953 тонна алтын запасы бар деп. Азыр 300 тоннанын тегерегинде эле запас калды деп расмий айтылууда. Расмий казылып кеткен алтын запасы менен калдыкты кошо келсек, ортодо айрыма чыгып калууда!

УКМКда өз кишиңиз отурат. Кыймылды дароо баштабайсызбы? 1-2 айда жасайм деген убадаларыңыз бар болчу. Ошолорду баштаган жоксуз. Эмне үчүн?

Булар түз суроолор. Түз жооп бериңиз жекеликке өтпөстөн.

Куран кармап, публиканын алдында жооп берем десеңиз, андан дагы жакшы болот.

P.S.: Кумтөрдө алтындан башка чыккан кен байлыктарды дагы айтып жүргөнсүз. Ошолорду дагы чечиңиз. Коруктун эсебинен 16 000 гектарга жакын жер боюнча али сөз кыла элекпиз. Ал жерде алтын бар жана башка ке байлыктар дагы бар!”