Домой Коом «Бишкек башкы архитектуранын» жетекчиси үй камагына чыгарылды

«Бишкек башкы архитектуранын» жетекчиси үй камагына чыгарылды

67

Биринчи май райондук соту «Бишкек башкы архитектура» муниципалдык ишканасынын башчысы Аскат Түлөбердиевди үй камагына чыгарды. Бул тууралуу бүгүн, 28-декабрда Биринчи май райондук сотунун басма сөз кызматы билдирди.

Чечим 26-декабрда чыккан.

Түлөбердиев 2021-жылдын 24-февралына чейин үй камагында болот.

24-декабрда «Бишкек башкы архитектуранын» башчысы Т.А.Т. (Түлөбердиев Асхат Темирбекович) коррупцияга шектелип кармалган.

«2017-жылы Бишкек шаардык мэриясынын, Жер ресурстарын пайдалануу башкармалыгынын жана «Бишкек башкы архитектуранын» айрым кызматкерлерине мыйзамсыз баюу максатын көздөп, аукциондордо жеңишке жетишүүгө кызыкдар үчүнчү жактар менен сүйлөшүп алып, жер тилкелерине жеңүүчүсү алдын ала белгилүү болгон жалган аукциондорду уюштуруп келишкен», — деп айтылган маалыматта.