Домой Саясат Жапаров жогорку кызматка дайындалган кыдасы тууралу түшүндүрмө берди

Жапаров жогорку кызматка дайындалган кыдасы тууралу түшүндүрмө берди

100

Садыр Жапаров 5-6-октябрдагы толкундоолордун арты менен бийликке келгенден кийин өзү мамлекеттик кызматка дайындаган эки кудасы тууралуу түшүндүрмө берди.

«5-октябрда өлкөдөгү абал 2010-жылдагы учурга окшош башаламан эле. Ошондой оор маалда мамлекеттеги коррупционерлер сыртка акчасын чыгарып кетпесин деп, кадрдык дайындоолорду өтө шашылыш ишке ашырдык.

Өзүм билген адамдарды дароо маанилүү кызматтарга дайындадым. Болжол менен жыйырмадай мамлекеттик кызматкерди дайындагам. Алардын арасында эки кудам да бар экен.

Бирок, президенттик шайлоо бүткөндөн кийин мен убада кылгандай аким, губернатордон тарта бардык мамлекеттик кызматкерлер ачык конкурстук негизде дайындалат», — деди Садыр Жапаров 15-декабрда Талас облусундагы уюштурулган жолугушуулардын биринде.

Белгилей кетсек, буга чейин «Унаа» мамлекеттик ишканасынын жаңы дайындалган башчысы Турусбек Түмөнбаев менен Миграция иштери боюнча мамлекеттик кызматтын төрагасы Таштанбек Каймазаров Садыр Жапаровдун кудасы экендигин Factcheck.kg жазган.

Андагы маалыматка караганда Турусбек Түмөнбаев Садыр Жапаровдун бир тууганы Акат Жапарованын, ал эми Таштанбек Каймазаров эжеси Райкүл Жапарованын кудасы.

Эскерте кетсек, Садыр Жапаров президенттик шайлоого катышуу максатында 15-октябрдан тарта расмий киришкен премьер-министрлик кызматын убактылуу токтотуп, президенттин милдетин аткаруу кызматын өткөрүп берген.

Бул ортодо Кыргызстанда кезексиз президенттик шайлоо 10-январда өтөт. Ага 18 талапкер ат салышып жатат.

Ал эми бүгүн, 15-декабрда президенттикке талапкерлердин үгүт иштери башталды.