Ош облусунун Ички иштер башкармалыгынын криминалдык милиция кызматынын алты кызматкери тергөө мезгилинде камакта болот. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз борбору билдирди.
“2020-жылдын 14-декабрында, Ош шаардык сотунун чечими менен, 26 жаштагы К.У.М.нын өлүмүнө шектүү деп кармалган Ош ОИИБдин СКМнин алты кызматкери тергөө аяктаганга чейин камак түрүндө баш коргоо чарасы узартылды”, – деп билдирди УКМК.
Эске сала кетсек, 19-ноябрда УКМК кызматкерлери милиция кызматкерлерин кармашкан. Тергөөнүн версиясы боюнча, алар Ош облусунун Ички иштер башкармалыгынын имаратында адамды кыйнап өлтүрүшкөн. Кармалгандар убактылуу кармоочу жайга, кийинчерээк УКМКнын Ош шаары жана Ош облусу боюнча убактылуу кармоочу жайына киргизилген. Кылмыш ишин тергөө уланууда.